26.04.2018 14:01

«Каркыра»  көзөмөл-өткөрмө бекети ишин жандантат

«Каркыра»  көзөмөл-өткөрмө бекети ишин жандантат

1-майдан тартып кыргыз-казак чек арасындагы  «Каркыра»  өткөрүү бекети кайра иштеп баштайт. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

«Каркыра»  көзөмөл-өткөрмө бекети саат 08.00дөн 18.00гө чейин, дем алышсыз иштейт.

Кыргызстан менен Казакстан өкмөттөрүнүн ортосундагы «Мамлекеттик чек аралардагы  өткөрүүчү бекеттер тууралуу»  макулдашууга ылайык, «Каркыра» көп тараптуу, автоунаалар өтүүчү бекет болуп эсептелинет.

Ал Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.